Кыргыз-тажик чек арачылары жолугушуп, абалды талкуулашты

  • 3 года мурун

Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Эки-Таш участкасында тажик жарандары кыргыздардын унаасына таш ыргыткан окуя боюнча эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Тараптар кечээ, 22-августта, Баткен районундагы Төрт-Көчө (мурдагы Жака-Өрүк) аймагында жолугушкан.

Анда Эки-Таш участкасында кыргыз жарандарынын автоунаасын тажиктердин ташка алганы жана тажик тараптын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын бет маңдайында жер казуу иштерин жүргүзүп жатканы талкууга коюлган.

Мындан сырткары, «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына жакын жерде тажик тараптын жер казуу иштери да токтотулган.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу деп сыпатталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты