​Тажик тарап чек арага жакын жерде траншея казууну токтотту

  • 3 года мурун

Тажик тарап чек арага жакын аймакта траншея казуу ишин токтотту.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 21-августунда болжол менен саат 10:00дө «Головной» суу бөлүштүрүүсү каналынын аймагында тажик тарап өзүнүн мамлекеттик чек арага жакын аймагына майдаланган таш төгүп, жол иштерин баштаган. Саат 12:00лерде Тажикстандын жарандары атайын техниканын жардамы менен (1 экскаватор, 1 жүктөгүч, КАМАЗ үлгүсүндөгү 5 жүк ташуучу автоунаа), Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында траншея каза баштаган.

Жагдайды териштирүүнүн жүрүшүндө аталган ишти Исфара (Тажикстан) шаарынын мэриясы жүргүзүп жаткандыгы маалым болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгында саат 17:30да тажик тарап жолдун катмарын оңдоо жана траншея казуу боюнча иштерди токтоткон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты