Быйыл жети айда 394 адам жол кырсыгынан көз жумду

  • 3 года мурун

Кыргызстанда быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болду.

Бул тууралуу 23-августта ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев билдирди.

Каза болгон 394 адамдын 44ү балдар экенин белгилеген Исаев кырсыктын негизги себеби жол эрежесинин одоно бузулушу болуп жатканын айтты:

“Дээрлик 85% айдоочунун күнөөсү. Автомашинаны жогорку ылдамдыкта айдаганы, жолдун каршы тилкесине чыкканы, автомашинасынын техникалык абалы, мас абалда рулга отурганы себеп болууда. Жакында Чырпыктыда беш адамдын өмүрүн алган кырсыкта эки айдоочу тең мас абалда экен. Кубакы ашуусунда жети адам каза болгон кырсыкта транспорт каражатынын техникалык абалы талапка жооп бербеген”.

Расмий маалыматта айтылгандай, 2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы, анын 2925и жети айда катталган. 754 адам каза болгон (анын 93ү бала), алардын 324ү (анын 34ү балдар) жети айда катталган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты