Айсулуу Тыныбекова Парижде өтө турган Олимп оюндарына катышат

  • 3 года мурун

Токиодо өткөн Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турган Олимп оюндарына катышат. Бул тууралуу ал өзү Мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан Токио оюндарына катышкан спортчуларды жана машыктыруучулрады сыйлоо аземинде билдирди.

“Мен Токиодо алган медалымды Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнайм. Ал эми, ден соолук болсо, келе жаткан Париж Олимп оюндарына катышам. Алтын медал алып, элдин үмүтүн актоого баардык күчүмдү жумшайм”, — деди Айсулуу Тыныбекова.

Эске сала кетсек, бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Токио оюндарына катышкан улуттук курама командасынын мүчөлөрүн сыйлоо аземи болуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты