21 жаштагы спорт чебери Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтөт

  • 3 года мурун

Сууда сүзүү боюнча спорттун эл аралык чебери, 21 жаштагы кыргызстандык суучул Владислав Шулико 22-августтан 27-августка чейин Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Владислав Шулико «Issyk-Kul Swim 181» долбоордун алкагында Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки 181 чакырым аралыкты багындырат.

Анын коопсуздугу үчүн коштоп жүрүүгө өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан беш суучул — куткаруучу, эки моторлуу кайык тартылды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты