Сакин Бегматованын таасын таржымалы

  • 3 года мурун

2021-жылдын 21-августунда мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, мурдагы тышкы иштер министри Сакин Бегматова 100 жашка толмок.

КР тышкы иштер министрлиги бул тууралуу билдирип, Сакин Бегматованын таржымалын кеңири баяндап, сүрөт топтомдорун сунуштады.

Сакин Бегматова 1921-жылы 21-августта туулган.

Фрунзедеги педагогикалык окуу жайды аяктаган. Бегматова биринчи кыргыз диктору болгон.

1959-жылы Бүткүл союздук финансы-экономика институтун сырттан аяктаган. 1961-жылы Министрлер советинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

1963-жылы Сакин Бегматова Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри болуп дайындалган. Бул кызматта ал 17 жыл эмгектенген. Алгачкы жылдары эле ал ГДР, Сирия, Ливан, Танзания, Индияга советтик делегацияны жетектеп барган.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө анын кесипкөйлүгүнө, жүрүш-турушуна, келишимдүү келбетине суктануу менен баа беришкен.

Сакин Бегматова жол кырсыгынан 1981-жылдын 28-июнунда дүйнө салган.

Сүрөттөр: Тышкы иштер министрлигинин сайтынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты