​Балыкчы-Барскоон жол тилкеси: Башкы подрядчы — ата мекендик компания

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

2021-2025-жылдарда Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон жол тилкесин реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү 141,7 чакырымга чейин пландалган. 2021-жылы 25 км жол тилкесинде курулуш иштери жүрөт.

Долбоор «Кыргызалтын» акционердик коому тарабынан каржыланат.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания — Кыргыз Республикасынын жолчулар ассоциациясы экендиги белгиленди.

19-21-августта Президент Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болду.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты