Түптө 200 киши иштеген тигүү фабрикасы ачылып, ага Жапаров катышты

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө жасаган иш сапарынын алкагында бүгүн Түп районундагы 200 кишини иш менен камсыздаган тигүү фабрикасына барды. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ишкана «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондунун кошумча каржылоосунун эсебинен ишке кирди. Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат. Түп айылындагы ишкана «Салкын» ЖЧКсы — Кыргызстандагы пахта продукциясын өндүргөн эң ири фабриканын филиалы болуп саналат. Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат.

Жапаров Түп айылында бүгүн ачылган 200 орундуу фабриканын мисалында эми фонддун бардык акчасы аймактагы ишкерлердин демилгелерин колдоого ачык-айкын бөлүштүрүлөрүн айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты