Германия Кыргызстанга 110 миң доза вакцина жиберет

  • 3 года мурун

Германия өкмөтү COVAX глобалдык механизми аркылуу Кыргызстанга коронавируска каршы 110 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу Германиянын КРдеги элчиси Габриэлла Геллил билдирди.

Кайсы өндүрүштөн чыккан вакцина келери азырынча белгилүү боло элек. Ошондой эле логистика маселелери дагы талкууланат.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жаңы дайындалган элчи ишеним грамотанын көчүрмөсүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырган. Министр 2022-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси орногонунун 30 жылдыгын белгилөөгө, жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштурууга көңүл бурган. Ошондой эле маданий-билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө максатында пландалып жаткан француз-герман институтун ачуу тууралуу талкуу болгон.

Казакбаев элчини Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата 30-31-августта өтө турган майрамдык иш-чарага чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты