Өзбекстандын премьер — министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

  • 3 года мурун

20-августта, Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Ысык-Көлдөгү жыйынына байкоочу катары катышат.

Белгилей кетсек, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Чолпон-Атада өтүп жатат. Жыйында бир катар актуалдуу маселелер каралып, жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты