Спортчу Акжол Махмудов трикосун аукционго койду. Акча муктаждарга берилет

  • 3 года мурун

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Токио Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов муктаждарга жардам берүү максатында трикосун аукционго койду.

Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазган.

«Бүгүн бала кездеги кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүмдө алгачкы кадамды баштап жатам. Азырынча Олимпиадага кийген кийимимди аукционго коюп гана ишти баштай алам. Кааласаңар ал жакка кол тамгамды калтырам. Андан түшкөн каражаттын баарын кайрымдуулук фондуна берем. Сураныч, мени колдоп бергиле! Жакын арада кайрымдуулук иштерин жасоого мындан да башка мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп үмүттөнөм. Эгер аукционду Бишкек шаарынын тургуну утуп алса, кийимди өз колум менен тапшырам. Баштапкы баасы 50 доллар», — деп жазган спортчу.

Ал аукцион август айынын аягына чейин (31-август 20:00) улана турганын айтып, бааларды посттун алдына жазса болорун кошумчалаган.

Ошондой эле спортчу мамлекеттен алган сый акчасына үй ала турганын да билдирген.

«Өзүңүздөр билгендей, Токиодогу Олимпиада мен үчүн алгачкылардан болду. Мамлекеттин акчасына үй-бүлөмө там алып берейин деп жатам. Анткени алар бир нече жылдан бери Бишкекте ижарага батирде жашап келген», — деп жазган балбан.


Белгилей кетсек, күрөшчү Акжол Махмудовго Олимпиададагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан 7 миллион сом берилээри айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты