​​Марипов: ЕАЭБге мүчө өлкөлөр биргелешкен аракет жана колдоо менен жаңы чакырыктарды жеңе алат

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

Кеңешменин жүрүшүндө Марипов белгилегендей, бул жолугушуу дүйнөлүк коомчулук коңшу Афганистандагы окуялардын тездик менен өнүгүүсүнө кооптонуу менен көз салып, аймактык коопсуздукка тийиштүү коркунучтар орун алып жаткан учурда өтүп жатат.

«Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна белгилүү таасирин тийгизиши шексиз. Ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын катарында ЕАЭБ мамлекеттеринде табийгат кырсыктары мүнөзүндөгү ар кыл өзгөчө кырдаалдар орун алууда. Буга катар биздин Бирлик биргелешкен аракеттери жана өз-ара колдоо көрсөтүү аркылуу жаңы чакырыктарды жеңип чыга алат деп ишенем» деди ал.

20-августта өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашуун маселе камтылган.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты