​Бир үйдө 43 адам ижарада жашап, тилемчилик кылышкан

  • 3 года мурун

Бүгүн, 19-августта, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан «Тилемчи» рейдинде аныкталгандай, 43 адам бир үйдү ижарага алып жашаган жана тилемчилик менен оокат кылган.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен 24ү Өзбекстандын Бухара жана Кашка-Дарыя облустарынан келген, 19у Ош облусунун Кара-Суу районунан келген лөлү тектүү жарандар экендиги такталды.

Жалпысынан тилемчилик менен алектенген 43дын ичнен 70 жашка чыккан карыя, 18 өспүрүм жана 4 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болгон.

Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, турукту жашаган жерлерине жиберилди.

Рейд шаардык мэрия кызматкерлери жана социалдык адистер менен бирге жүргүзүлгөн.

Сүрөт: Жалал-Абад ОИББ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты