​COVID-19: Бейтаптар менен байланышта болгондорго эмгекке жарамсыздык баракчалары берилет

  • 3 года мурун

Коронавируска чалдыккан бейтаптар менен байланышта болгондорго эмгекке жарамсыздык баракчалары берилет. Ал эми окуучуларга жана студенттерге маалымкат жазылат.

«COVID-19дун симптомдору жана ага шектенүү пайда болгондо, үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан текшерилген жана дарт аныкталган күндөн тартып бейтаптар менен байланышта иштегендердин ПЧРден аныкталса же пневмония болсо, эмгекке жарамсыздык баракчалары ачылат. Ал эми мектепке чейинки курактагы, мектеп жашындагы балдарга, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине маалымкат берилет» деп билдирди №8 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Анара Шакеева.

Эгерде коронавирустук инфекциянын симптомдоруна шектенүү болсо, биринчи кезекте жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлерине каттоо жайынын телефону же уюлдук телефон аркылуу кайрылуулары керек. Ошондой эле 118 call-борбору аркылуу мобилдик топко кайрыла алышарын кошумчалады.

19-августка карата Кыргызстанда COVID-19дун 249 учуру катталды. 6 киши кз жумду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты