Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отуруму өтөт

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот. Мамлекет башчы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат. Андан кийин Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарын баштайт.

Ал жакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты