Баткен, контрабанда жана аткаминерлер. “ПолитКлиника” Баткендеги май куюучу жайлар кимге таандык экенин аныктады

  • 3 года мурун

“ПолитКлиника” медиасынын редакциясы өзүнүн иликтөөсүндө Кыргызстандын түштүгүндөгү күйүүчү майды контрабанда жолу менен Тажикстанга өткөргөн станциялардын ээлерин аныктады.

Иликтөөнүн жүрүшүндө журналисттер Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш аймактардагы май куйууучу жайлардын ээлерин анализдеп жатып, айрымдары аткаминерлердин жана жогорку рангдагы мамлекеттик кызматкерлерге же алардын жакын туугандарына таандык экенин аныкташты.

Айрыкча, май куюучу жайлардын бири азыркы ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жакын тууганы Жеңишбек Кожомуратовго таандык. Мындан сырткары, бир канча станция Жогорку Кеңештин депутаттары Аккулу Бердиев жана Абдимуктар Маматовдун жакын туугандарына катталган. Абдимуктар Маматов өзүнүн май куйуучу жайын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин иниси мурун ээлик кылган “Томас и Ко” компаниясынан сатып алган. Жогоруда аты аталган депутаттар Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөлөрү.

Мындан сырткары, журналисттер Тажикстанга чектеш Арка айылынын тургундары менен сүйлөшүшкөн. Бул айылда жыйырмага жакын май куюучу жай жайгашкан. Жеке булактар журналисттерге күн сайын жүзгө чейин унаа Тажикстанга өтүп турганын айтышты.

Иликтөөнүн авторлору жергиликтүү калк билдирген аткезчилик фактыларына укук коргоо органдары чара көрбөй жатканын билдиришүүдө. Мындан сырткары, иликтөөчүлөр Арка айылына эки эле май куюучу жай жетиштүү экенин аныкташкан. Бирок, Арка айылында жыйырмага жакын станция иш алып барган.

Арка айылындагы май куюучу жайлар апрель айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында талкаланган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул май куюуучу жайлар аткезчилик менен алектенген деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты