Курал тапшырып жатып бир жоокер жарадар болду

  • 3 года мурун

Чек ара отряддарынын биринде аскер кызматкерлери курал сактоочу бөлмөдөн имитациялык снарядды жерге түшүрүп алышкан. Ал жарылып бир жоокер жарадар болду. Бул тууралуу күч структураларынын кызматкерлери маалымдашты.

Алардын айтымында, 16-августта кечке маал, «Бел» заставасында аскер кызматындагы жоокерлер нөөмөтүн өтөгөндөн кийин курал жарагын тапшырып жатышкан. Ошол учурда жоокерлердин бири имитациялык снаряддарды колунан түшүрүп алып, чакан жардыруу болгон. Натыйжасында, бир киши жарадар болду.

Учурда аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты