Афганистандан кыргызстандык тогуз киши чыгарылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 17-августта, Афганистандан Кыргызстандын тогуз жараны кайтарылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Калган жарандар коопсуз жайда экени, учурда аларды Кыргызстандын Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имаратына көчүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.

Министрлик Афганистандагы туруксуз абалга байланыштуу жарандарды эвакуациялоо иштери уланып жатканын белгиледи.

Ал эми Кыргызстанга виза алуу жана эвакуация боюнча кайрылган афган жарандары этникалык кыргыздар деген маалымат текшерилип жатканын айтышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты