Улукбек Марипов паралимпиадачыларды кабыл алып, желек тапшырды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн Паралимпиада боюнча улуттук курама командасын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Марипов спортчуларга мелдешке ийгиликтүү катышып, жеңиштерге жетишин каалады. Ошондой эле Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго өлкө желегин тапшырды: «Спорт адамдарды бириктирип, эрктүү кылып, бардык кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Сиздер аны мелдештерге катышып далилдедиңиздер. Алдыда боло турган Паралимпиада оюндарында бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт, ийгилик каалайбыз», — деди өкмөт башчы.

Эске салсак, Токиодо 24-августтан 5-сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар өтөт. Ага ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты