Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өттү

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында, Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен тилкеде Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода баштаган делегациялардын жолугушуусу өттү.

Облустук администрациянын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, жолугушууга чектеш райондордун башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышып, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты. Тажик тараптын аң казуу аракеттерине жол бербөө маселеси көтөрүлдү:

“Чек аралаш аймактарда кошумча видеокөзөмөл каражаттарын эки тараптан макулдашуу жолу менен гана коюу, аң казуу иштерин кайрадан болтурбоо талабы коюлду. Калк арасында чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу максатында акимдерге жана айыл башчыларына тез арада түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алуу жагы сунушталды. Эки жак тең бирин бири жакшы түшүнүп, жакшы жыйынтык менен кайтышты”.

Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, 17-августтан баштап чек арачылар жана милиция чек арага жакын аймактарда терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча биргелешкен окутуудан өтүшөт.

Жакында Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты