Кабул аэропорту ишин уланта баштады

  • 3 года мурун

Ооганстандын борбору Кабулдун аэропорту бүгүн 17-августта кайра иштей баштады. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги билдирди. 16-августта конуп-учуу тилкесинде коопсуздук эрежелери бузулганына байланыштуу эвакуациялоо иштери убактылуу токтотулган.

Өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген адамдар Кабулдун аэропортуна топтолуп аэродромду тазалоо үчүн рейстерди токтотууга мажбур кылган. 16-августтагы башаламандык учурунда кеминде жети адамдын өмүрү кыйылганы айтылды.

Президенти Ашраф Гани сыртка чыгып кеткенден кийин 15-августта бул өлкөдө бийлик кулаган жана Кабул “Талибан” кыймылынын карамагына өткөн. АКШ жана башка чек өлкөлөр өз жарандарын жана талибдер коркунуч жараткан ооганстандыктарды эвакуациялоо аракетин улантууда.

АКШ президенти Жо Байден жакынкы күндөрү Ооганстандан миңдеген адамдар чыгарылып кетерин 16-августта билдирди.

Азыр Ооганстанда Кыргызстандын жыйырма чакты жараны бар. Алар 21-августта учуп чыгарын, баары менен байланыш бар экенин элчи Мирослав Ниязов билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты