Элчи Афганистандагы кыргызстандыктар менен Памир кыргыздары тууралуу маалымат берди

  • 3 года мурун

Үч кыргызстандык Афганистандан Бириккен Араб Эмираттарына чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов Sputnik агенттигине билдирди.

Кечирээк дагы үч кыргызстандыкты АКШлыктардын көмөгү менен Дубайга чыгарып кетүү сүйлөшүлгөн. “Жалпысынан Афганистанда 20 кыргызстандык бар. Алар чач тарач, ресторан жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштешет. Азыркы кырдаалда коркунучта калган айрым кыргызстандыктар Казакстандын элчилигине убактылуу жайгаштырылып, ошол жерде турушат. Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү чартердик каттамдарды уюштурганы жатат. Качан экени азырынча белгисиз”, — деген Ниязов.

Элчи талибдер дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугуна кепилдик бергенин белгиледи.

Ошондой эле Ниязов билдиргендей, согуштук аракеттерде этникалык кыргыздар дүрбөлөң түшүп, кичи Памирди таштап качкан. Кийин алар жашаган жерлерине кайра кайтышкан.

“Талибдер”* — террористтик уюм катары Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты