Талибан Ооганстандагы согуштун аяктаганын жарыялады

  • 3 года мурун

Талибдер Ооганстандагы 20 жылдык согуштун аяктаганын жарыялашты. Бул тууралуу Талибан кыймылынын өкүлү Мухаммед Наим Аl-Jazeera каналына берген маегинде билдирди.

Ал өлкөдөгү башкаруу формасы жакын арада аныкталарын кошумчалады. Анын айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана имараттардын эч бири талибдердин бутасы эмес.

«Биз Ооганстандагы бардык адамдар менен диалогго барууга жана аларга кепилдик берүүгө жана коргоого даярбыз. Биз ар бир кадамды жоопкерчилик менен жасайбыз жана бардык адамдар менен тынчтыкты камсыз кылуу үчүн бардык нерсени жасайбыз «, — деп билдирген

.

Талибандын согушкерлери 15 -августта Ооганстандын борбору Кабулга киришти. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, талибдер шаарга бардык тараптан жакындап келишкен. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13: 00дө алар Ооганстандын бардык аймагын толугу менен көзөмөлүнө алышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты