Гүлмира Абдралиева мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Мурдагы транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы болуп дайындалды.


2021-жылдын 10-августунда Гүлмира Абдралиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу транспорт жана коммуникация министри кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Абдралиева 2021-жылдын февраль айынан бери министр кызматында иштеп келген.

Буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси кызматын Мырзабек Жыпаркулов аркалап келген. Ал август айында Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты