Тажикстандын тышкы иштер министрлиги: «Ашраф Гани Тажикстанда болгон эмес»

  • 3 года мурун

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Ооган президенти Тажикстан аркылуу үчүнчү өлкөгө учуп кетти деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу Азия-Плюс кабарлады.

«Мухаммед Ашраф Гани болгон учак Тажикстандын аба мейкиндигине кирген эмес жана өлкөнүн аймагына конгон эмес. Белгилей кетсек, тажик тарап Афганистандан тиешелүү сурам алган эмес «, — деп айтылат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

15 -августта Ооган өкмөтүнүн кызматкери Сажжад Нуристанин Афганистандын президенти Ашраф Гани кызматтан кетип, Тажикстанга учуп кеткенин билдирген. Анын айтымында, Ганини улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухиб жана Фазл администрациясынын башчысы Махмуд Фазли коштоп жүрөт. Нуристани Тажикстандан кийин Гани үчүнчү өлкөгө учушу керектигин, бирок кайсынысына учаары белгисиз экенин айткан.

Озоди радиосунун маалыматы боюнча, Ашраф Гани Дүйшөмбүдө бир аз күткөндөн кийин, Оманга учуп кеткен. Ошондой эле Ашраф Гани аялы, штабдын башчысы жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси менен Ташкентке качып кеткени тууралуу маалыматтар бар. Бирок ушул убакка чейин Өзбекстандын расмий бийлиги бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Азырынча Ооганстандын Президентинин кеңсеси Ганинин кайда экенине байланыштуу расмий маалымат тарата элек.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, «Талибан»* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

Белгилей кетсек, «Талибан» Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты