Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 3 миң 676 адам эмдөөдөн өттү

  • 3 года мурун

Республикалык штабдан билдиришкендей, акыркы суткада Кыргызстанда 3676 адам COVID-19 вакцинасын алды.

Маалыматка ылайык, 1 миң 428 адам биринчи дозасы менен, 2 миң 248 адам экинчи эмдөө менен эмделген.

Өз кезегинде, жалпысынан республика боюнча 586 миң 578 адам биринчи дозасы менен, 262 миң 998 адам экинчи дозасы менен эмделди.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты