​Афганистанда “Талибан” кыймылы бийликти тынч жол менен өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө

  • 3 года мурун

15-августта “Талибан” кыймылынын делегациясы Кабулдагы президенттик Ак сарайда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Al Arabiya телеканалына шилтеме берүү менен ТАСС билдирди.

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын «Азаттыктын» ооган кызматына ырастады. Бирок ал сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок.

«Талибан» кыймылы учурда баш калаа Кабулду курчап турат. Бир нече саат мурда талибдер ооган баш калаасына күч менен эмес, тынч жол менен кире турганын жарыялашкан.

Ооган Президентинин басма сөз кызматы Кабулдун айланасындагы бир нече аймакта ок атышуу болуп жатканын, коопсуздук күчтөрү эл аралык өнөктөштөр менен бирге шаарды көзөмөлдөп турганын билдирген.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты