Интернет ишкерлерден салык алуу сунушталды

  • 3 года мурун

Экономика жана каржы министрлиги интернет айдыңында соода кылган жана кызмат көрсөткөн ишкерлерди көзөмөлдөөнү көздөөдө.

Министр Акылбек Жапаровдун 12-августта маалымдаганы боюнча,бул тармакта иштегендердин саны 55 миңге чамалуу.

«Булардын ичинен Салык кызматынын каттоосунда 11 миң ишкер турса, салыкты болгону 7-8 миң адам гана төлөйт» деди Жапаров.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров максат экономикадагы терс көрүнүштөргө каршы ыкчам чара көрүү экенин айтып, негизги багыттардын бири салык чогултуу болуп жатканын белгиледи.

12-августта экономикадагы өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам долбоору талкууланды.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең жактырылган.

10-августта Кыргызстандагы 70тен ашуун бизнес-ассоциациянын башын бириктирген уюм президент Садыр Жапаровго кайрылып, экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Уюм, мыйзам долбооруна вето коюлуп, бардык тараптардын талкуусуна коюлушу керек деп эсептейт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты