Коронавирустун жаңы толкунунан улам АКШнын ооруканалары толуп калды

  • 3 года мурун

АКШнын бир катар штаттары коронавируска чалдыккан оор бейтаптарды дарылоого бош орун калбай баратканын билдирүүдө. АКШнын Алабама штатынын губернатору медицина кызматкерлери ооруканаларга олуттуу оорчулук келтирип жаткан COVID-19дун толкуну жөнүндө кабарлагандан кийин өзгөчө кырдаал жарыялады.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Орегон штатында да ооруканалар толуп калды. Бийлик медицина кызматкерлерин колдоо үчүн ооруканаларга Улуттук гвардиянын 1500 аскерин жайгаштыруу планын жарыялады.

Акыркы маалыматтарга караганда, Бразилия менен Орусия акыркы 28 күндүн ичинде өлүмдүн саны боюнча экинчи жана үчүнчү орунда. Орусияда бир суткада 815 адам каза болуп, рекорддук чекке жеткенин билдирсе, Бразилияда бир суткада 966 адам каза таап, төрт жуманын ичинде дээрлик 30 миң жаранын жоготту.

Америкалык Жонс Хопкинс университети статистикага алган өлкөлөрдүн ичинде Индонезиядагы көрсөткүч эң жогору. Ал жакта 43 миң адам каза болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты