Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрге жетти

  • 3 года мурун

«Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү ушул күндөрү 12 миллиард куб метрге жетип калды. Бул тууралуу «Электр станциялары» компаниясынын маалыматында айтылган.

Майдын соңунда Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден өйдө болгон. Ага чейин бир айдын тегерегинде өтө төмөн түшүп, 8,6 миллиардды көрсөтүп калган. 14-августка карата ГЭСтеги суунун көлөмү 11 миллиард 931 миллион куб метрди түзөт.

Эске сала кетсек, суу сактагычта эң көп дегенде 19,5 миллиард куб метр, ал эми өтө азайып кеткенде 5,5 миллиард суу болушу керек. Токтогул ГЭСи өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгат жана ал негизги энергетикалык таяныч. ГЭС 46 жылдан бери иштеп келе жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты