Россияда мушташка катышкан 26 кыргызстандык депортацияланды

  • 3 года мурун

Россияда мушташка катышкан 26 мигрант Кыргызстанга депортацияланды. Бул тууралуу «Вести» басылмасы жазды. Билдирмеге караганда, аларга 40 жылга чейин Россияга кирүүгө тыюу салынды.

Июль айында Москва шаарында борбор азиялыктар эки жаатка бөлүнүп уруша кеткен.

«Соттун чечими менен 26 адам Россиядан чыгып кетти. Домодедово аэропортунан эки каттам Кыргызстанга учту. Анын бири Ошко, экинчиси Бишкек шаарына кетти. Мыйзам бузгандар өлкөгө 40 жылга чейин кире алышпайт», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, июль айында Москва шаарында борбор азиялыктар эки жаатка бөлүнүп уруша кеткен. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы «Кузьминки» метростанциясында массалык мушташ чыккан.

Жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, андан сырткары, кармалгандарды 15 күнгө камаган.

КРдин Ички иштер министрлигинин РФтеги өкүлчүлүгү мигранттарга кайрылып, мекендештерди Россиянын аймагында улуттук маселелерге тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого жана бул өлкөнүн мыйзамдарын так аткарууга чакырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты