Кыргызстанда бир суткада 19 миң адам коронавируска каршы вакцина алды
- 3 года мурун
Кыргызстанда бир суткада 19 миң адам коронавируска каршы вакцина алды. Жалпы вакцина алгандардын саны 839 миңден ашты. Алардын 255 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Бул 14-август саат 13:00гө карата маалымат.
Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.
Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.
Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш.
Муну бөлүшүү