Вакцинанын посткоронавирустук синдромдордон арылууга жардам берери аныкталган эмес

24.kg маалымат сайтында вакцинация посткоронавирустук синдромду дарылашы мүмкүн делген маалымат жайгаштырылды.

Анда бул маалымат жогорку категориядагы дарыгер-терапевт Алексей Водовозов тарабынан айтылган делип, вакцинаны жакында профилактика үчүн эле эмес, реабилитация үчүн да колдонууга мүмкүн болот деп жазылган.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Посткоронавирустук синдром деген эмне?

Посткоронавирустук синдром бул COVID-19 вирусунун кесепети. Ал төмөндөгү симптомдор менен коштолот:

  • алсыздык;
  • дем кыстыгуу, көкүрөктөгү оордук;
  • баш, булчуң, муун оорулары;
  • жыт жана даам сезбөө;
  • чач жана тиштин түшүшү;
  • териге ар нерсенин чыгышы;
  • кан басым жогорулап, жүрөк согушунун ылдамдашы, баш айлануу;
  • тынчсыздануу, уйкунун качышы, эс тутумдун начарлашы;
  • диярея;
  • дене табынын көтөрүлүшү.

Бул синдромдор коронавирус менен ооруган адамдардын 20%ында аныкталып, алардын узактыгы 12 күн жана андан көп убакытка чейин созулушу мүмкүн.

Вакцинанын посткоронавирустук синдромду айыктыруусу болжолдонгон

24.kg маалымат сайты шилтеме берген URA.RU сайтында 26-июль күнү Алексей Водовозовдун интервьюсу жайгаштырылган. Ал анда:

“Эмдөөдөн кийин посткоронавирустук синдромдордон айыккан бир нече учур катталды. Эгер рандомдолгон изилдөөлөрдө эмдөөнүн посткоронавирустук синдромдорго каршы эффективдүүлүгү такталса, анда биз вакциналарды ооруну алдын алуу үчүн эле эмес, дарылоо үчүн да колдонушубуз мүмкүн. Бул үчүн белгилүү бир тобу эмделген, экинчи тобу эмделбеген бейтаптарды алып, изилдөө жүргүзүп көрүү керек”, — деп түшүндүргөн Алексей Водовозов.

Демек, интервьюда вакцинанын пост-ковиддик синдромдорго жакшы таасир бериши болжолдонгон.

Изилдөөлөр так жыйынтык бере элек

Вакцинанын посткоронавирустук синдромдорго каршы таасири боюнча Улуу Британиялык дарыгерлер тарабынан да изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Healthline медициналык журналы жазып чыккан.

Изилдөөдө посткоронавирустук синдромдору 8 айдан бери уланып, госпиталицазияланган 66 бейтапка байкоо жүргүзүлгөн. Алардын 44ү вакцина менен эмделип, 22си эмделген эмес. Натыйжада, бир канча убакыттан кийин эмделгендердин 22%ы өздөрүн жакшы сезе башташкан.

Азчылыгынын, тескерисинче, абалы оорлошкон. Бирок бул жөн гана байкоо иретиндеги изилдөө болгондуктан, изилдөөчүлөр вакцина ковиддин узак мөөнөттүү симптомдорун жок кыла алат деп так айткандан алыс.

Адамдардын өздөрүн жакшы сезишине башка факторлор да таасир эткен болушу мүмкүн.

Бул тууралуу аллергия жана инфекциялык оорулар Улуттук институтунун директору мындай дейт:

“Көп адамдар өзүнөн-өзү эле айыгып кетет. Эгер вакцина алгандан кийин симптомдордон айыксаңыз, сиз же эмдөө аркылуу, же өзүңүз айыкканыңызды билбей каласыз. Муну аныктоо үчүн рамдомизацияланган атайын чоң изилдөөлөр өткөрүлүшү керек”,- дейт ал өз сөзүндө.

ДССУ эмне дейт?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий сайтында вакцинанын таасири тууралуу булар жазылган:

“COVID-19 вакциналары SARS-Cov-2 вирусуна каршы иммундук реакцияны иштеп чыгуу аркылуу оорулардан коргоону камсыз кылат.

Эмдөөдөн кийинки иммунитеттин өөрчүшү оорунун жана анын кесепеттеринин өнүгүү коркунучун азайтат”.

Демек вакцина эмделүүчүнү коронавирустан коргоо менен биргеликте, ал жугуп калган учурда анын кесепеттеринин (бул учурда анын посткоронавирустук симптомдордун) коркунучун азайтып, оорунун жеңил өтүүсүн камсыздайт.

Бирок эмделе элек адам коронавирус жуктурган соң, анын посткоронавирустук синдромдорун вакцина аркылуу даарылоо тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес.

ДССУ коронавирус менен ооруп бүткөн адамдардын да эмдөөдөн өтүшү керектигин айтат. Бирок эмдөө белгилүү бир убакыттан кийин жүрүшү керек. Себеби алардын антителолору канчага чейин жеткиликтүү болору белгисиз жана ылайыктуу убакыт дарыгерлер тарабынан аныкталышы керек.

Жыйынтык: Вакцинанын коронавирустун узак мөөнөттүү симптомдорун айыктыра алары так далилдене элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты