COVID-19: 520 учуру катталды. 6 бейтап каза тапты
- 3 года мурун
2021-жылдын 14-августуна карата Кыргызстанда COVID-19дун 520 жаңы учуру катталды.
Анын ичинде:
Бишкек — 299
Ош шаары — 5
Чүй облусу – 88
Ош облусу – 14
Талас облусу — 7
Нарын облусу — 12
Ысык-Көл облусу – 39
Жалал-Абад облусу – 37
Баткен облусу — 19
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 171 758 ке жетти. Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны – 654 киши. Айыгып чыккандардын жалпы саны — 162 104 киши.
Каза болгондор — 6. Өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны – 2 439 . Стационарда 2 216 жана амбулатордук түрдө 3 591 бейтап дарыланып жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү