Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБ-2нин абалы менен таанышты

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ЖЭБ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди. Долбоор боюнча негизги отун катары экологиялык таза отунду — жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, 47 гектар аянттагы ЖЭБ-2нин санитардык зонасына акырындык менен жеке турак үйлөр курулуп кеткен.

ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандыруу, 2-5 жылдын ичинде куруп бүткөрүү менен анын кубаттуулугун 460 МВтка жеткирүү сунушталып жатканы белгиленди. Келечекте кошумча кубаттуулук Бишкек шаарынын тынымсыз өсүп жаткан жаңы абоненттерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет. Алдыда ЖЭБ-2нин жардамы менен калкты жана экономика тармактарын ишенимдүү электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу Токтогул ГЭСиндеги электр энергиясын өндүрүү жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу түзүмүн диверсификациялоого мүмкүндүк берет.

Жакын арада ЖЭБ-2ни реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалууда.

Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин имараты менен жабдууларын көрүп чыгып, бул стратегиялык объектинин айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты