Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,927 млрд. куб метрге жетти

  • 3 года мурун

13-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,927.25 млрд. куб метрге жетти.

Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын сайтында жазылды.

Ишкананын маалыматына ылайык, суунун чыгышы секундасына 434 куб.метр болсо, суунун кириши секундасына 486 куб.метрди түзүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын март айында суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 миллиард куб.метрге чейин азайган.

Аталган суу сактагычка 19,5 миллиард куб метрге чейин суу батат. Суунун көлөмү 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты