Садыр Жапаров ата-энелерден акча алууга каршы

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине каршы. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Белгилей кетсек, мекеменин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келет.

Андан сырткары, буга окшогон кошумча төлөм төлөө механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Ал тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы мектептерде мыйзамсыз акча жыйноолорду токтотуу керек экендигин билдирген.

Эске сала кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин ата-энелерден бир жылда бир акча чогултуу механизмин сунуштаган. Ал механизмде ата-энелер ар бир окуучуга миң сомдон берүүсү каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты