Кыргызстанда 13-августтан баштап аба-ырайы кескин өзгөрөт

  • 3 года мурун

13-августтан 16-августка чейин, Кыргызстандын аймагында аба кескин салкындап, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт. Бул тууралуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Ошондой эле, 16-августка чейин бүгүнкүгө караганда аба-ырайы дээрлик 10 градуска салкындайт.

ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайлоодо мал кармоону кыйындатарын эскертти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты