Райондун акимдери үчүн 60 миллион сомго 40 автоунаа сатылып алынат

  • 3 года мурун

11-августта, Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Автотранспорт биримдиги» мекемеси 60 миллион сомго 40 автоунаа сатып алууга тендер жарыялаган. Тендер тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жүктөлгөн.

Маалыматта, автоунаалар ак түстө, заводдон жаңы чыккан (бир дагы жүрө элек) болушу керек деген талап коюлган. Аталган автоунаалардын ар бири 1 миллион 500 миң сомго сатылып алынаары жана ал райондун акимдерине колдонууга берилээри айтылд. Бул боюнча, социалдык тармактарда нааразычылыктар жаралып, Президенттин администрациясы сынга кабылган.

Ошондуктан бүгүн, 12-августта администрация билдирүү таратып автоунаалар тууралуу түшүндүрмө берди. Анда, автоунаалар материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, акимдердин ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында алынып жатканы айтылат.

«Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу 13-15 жыл мурун сатып алынганын белгилеп кетүү зарыл. Алар моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткенине көп болду. Бүгүнкү күндө алардын басымдуусу тынымсыз оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымды талап кылууда. Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин автоунаасы да кымбат экени айтылып, сынга кабылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты