ИИМ: Терроризм актысы боюнча жалган маалымат билдиргендер 3 жылга чейин эркинен ажыратылат

  • 3 года мурун

12-августта Ички иштер министрлиги терроризм актылары боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү тараткандар жазык кодексинин 246-беренеси боюнча 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка (жашы жете электер үчүн 100 миңден 120 миң сомго чейин) же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланаары белгиленген.

“Эсиңиздерде болсун! «Бомба» жөнүндө кабарлоо менен сиз коомдук коопсуздукка кол саласыз, уюмдардын, ишканалардын кадимки ишинин тартибин бузасыз, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрү жана каражаттары башка жакка тартылат, жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирилет ж.б. «Бомба» (террордук акт) жөнүндө атайылап жалган маалымат бергенден кийин — кылмыш бүттү деп эсептелет. Билдирүүнүн формасы ар кандай болушу мүмкүн: оозеки жана жазуу, телефон чалуулар түрүндө. Көбүнчө терроризм актысы тууралуу чалуулар анонимдүү түрдө жасалат, бирок кылмыш жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалыматын атадыбы же атаган жокпу ага маани берилбейт.”, — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 9-август күнү ЦУМ соода борборунда жардыруучу зат бар деген маалымат чыгып, милиция жарандарды эвакуациялаган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, 1994-жылы туулган Г.З.А аттуу жаран күйөөсү менен урушуп кетип, жаңы сим-карта аркылуу ЦУМдун ичиндеги бомба тууралуу билдирген. Азыркы учурда УКМК бул ишке байланышы бар башка жарандарды издөөдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты