COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоо үчүн мамлекет канча каражат коротот?

  • 3 года мурун

12-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөнбаева Covid-19ду дарылоо үчүн ар бир бейтапка канча акча коротулаарын маалымдады.


Өскөнбаеванын маалыматына ылайык, акы төлөө механизми коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптардын абалына жараша жеңил, орточо, оор жана өтө оор болуп бөлүнөт.

Коронавирус инфекциясын дарылоого байланыштуу ооруканага жаткыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү:

1. Оорусу женил даражадагылар үчүн – 1951 сом

2. Оорусу орто даражадагылар үчүн – 4670 сом

3. Оорусу оор даражадагылар үчүн – 18 329 сом

4. Оорусу өтө оор даражадагылар үчүн – 37 843 сом

Бул каражаттар мамлекеттин бюджеттин эсебинен каржыланат.

Бул төлөмгө ПЧР лабораториялык изилдөөлөрүнө кеткен чыгымдар, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга кеткен чыгымдар жана медициналык кызматкерлердин эмгек акысы эске алынбайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты