Спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөр төмөндөтүлдү
- 4 месяца мурун
Спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого төлөмдөрдүн өлчөмүн азайтуу каралды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Өкмөттүн 2015-жылдын 20-октябрындагы балык уулоого акы төлөөнүн ставкалары жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөр президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманын негизинде аткарылгандыгы белгиленди.
Чечим балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Белгиленген тарифтер:
Ысык-Көлдө чабак жана сазан балыктарын уулоо үчүн:
1 сутка –313 сом, 2 сутка – 463 сом, 3 сутка – 613 сом болот.
Буга чейин социадык тармактарда Садыр Жапаров балык уулоону сүйүүчүлөр менен жолугушуп, бир сутка балык уулоого 600 сом көп экенин балыкчылар айтып, президент бул акыны үч сутка үчүн белгилөө керектигин айткан.
Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg




