“Сорос-Кыргызстан” фонду кыргыз тилдүү журналисттерге колдоо көрсөткөн долбоорлорду ишке ашырды

  • 3 года мурун

Кыргыз тилдүү маалымат каражаттары коомчулукту агартуу максатында алдыңкы позицияларды ээлеши үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жана «Сорос-Кыргызстан» фонду кыргыз тилдүү журналисттерди колдоо боюнча долбоорду ишке ашырууну улантып келе жатат.

Фонддун изилдөөсүнө ылайык, кыргыз тилде журналисттердин дээрлик 50 пайызы билимин кеңейтүүнү каалашат, бирок 31 пайызы тил көйгөйлөрүнөн улам окуу курстарына катыша алышпайт. Мындан сырткары, өлкөнүн ЖМКларынын жана журналисттердин көбү кыргыз тилдүү экендигине карабастан, заманбап тренддер боюнча көптөгөн тренингдер орус тилинде гана жүргүзүлөт.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн “Сорос- Кыргызстан” фонду көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган. Анын алкагында журналисттерге мобилдик журналистика боюнча тренингдерди өткөрүү, жаңылыктарды жана аналитикалык материалдарды даярдоо үчүн техникалык базаларды чыңдоо боюнча өткөрүлгөн.

Мындан сырткары 2020-жылкы парламенттик шайлоонун алдында журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Пресса» деген жазуусу бар 250 жилет берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты