Садыр Жапаров сегиз өлкөдөн келген жаңы элчилерди кабыл алды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта, сегиз өлкөнүн жаңы элчилери менен жолугуп, ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ишеним грамоталарын тапшырган элчилер:

  • Нгуен Тхи Хонг Оань — Вьетнам элчиси;
  • Маналь Аль Сайед Яхья Аль Шиннави — Египет элчиси;
  • Мохан Виджевикрама — Шри-Ланка элчиси;
  • Рубем Антонио Корреа Брбоза — Бразилия элчиси;
  • Вилли Кемпель — Австрия элчиси;
  • Аурни Тор Сигурдссон — Исландия элчиси;
  • Ким Хенг Меас — Камбоджа элчиси;
  • Мухаммад Тезикуба Кисамбира — Уганда элчиси.

Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөрдүн ортосундагы ынтымакты арттырарына ишенерин билдирди. «Биз сиздер өкүлү болгон өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну кеңейтүүгө кызыктарбыз. Сиздердин алдыңыздарда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү сыяктуу маанилүү милдеттер турат», — деди Жапаров.

Өз кезегинде элчилер өлкөлөр ортосундагы достук алакаларды жана көп кырдуу кызматташууну чыңдоодо жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты