Сариевди үй камагына чыгарууну өтүнгөндөр Жапаровго кайрылышты

  • 3 года мурун

Кыргызстандын жетимишке жакын белгилүү саясатчысы, мурдагы жетекчилери жана коомдук ишмерлери мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууга көмөк сурап, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

11-августта жарыяланган кайрылууда алар Сариев «Кумтөр» маселесинде дайыма Кыргызстандын гана кызыкчылыгын көздөп келгенин, ал жетектеген комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңеште депутаттардын колдоосу менен бекитилгенин белгилешти.

Кайрылуунун авторлору Сариев жетекчи болуп турган жылдары туруктуу өлкөнүн өнүгүүсүнө алгылыктуу салым кошконун белгилешти.

Кайрылууга Кыргызстандын Эл баатыры Миталип Мамытов баштаган кайрылууга парламенттин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Акматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин 13 депутаты, мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов, коомдук ишмер Жылдыз Жолдошева, укук коргоочу Чолпон Жакупова, генералдар, академиктер, маданият ишмерлери кол коюшту.

УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди «Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып менен 3-августта кармаган жана ал соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты