Динара Молдошева Кыргызпатенттин жетекчилигинен алынды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Динара Молдошева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Молдошева мамлекеттик агенттикти үч жылдан ашуун убакыт жетектеди.

Мамлекет жетекчисинин дагы бир жарлыгы менен аталган кызматка Рахат Керимбаева дайындалды.

Эскерте кетсек, Молдошева Кыргызпатенттин жетекчилигине 2018-жылдын 3-майында келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты