Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

  • 3 года мурун

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Электр жарыгын жеткирүү боюнча буга чейин эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов расмий жолугушуусунда сүйлөшкөн. Товар Кыргызстанга Өзбекстан аркылуу алып келинери айтылууда.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын август-декабрь айларында Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын жеткирет. Бирок баасы канча болорун министрлик маалымдаган жок.

Ошондой эле Түркмөнстандан жаратылыш газын алуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты