Фактчекинг: Вакцина тууралуу мифтер жана чындыктар

Facebook баракчасынын колдонуучусу вакцина тууралуу айтылган видео менен бөлүшкөн. Видеодо өзүн доктор Гульнара Зуфар деп тааныштырган айым вакцина тууралуу ар түрдүү маалыматтар менен бөлүшүп, элди вакцина албоого үндөйт. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Гульнара Зуфар Өкмөттүн элди вакцина алууга үндөп жатканын сындаган. Өз сөзүндө ал Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө элинин 70% вакцина алганда гана коронавирустан коргонсо болот деп айтканын белгилеген. Ошондой эле ал жогоруда айтылгандар илимге дал келбей турганын кошумчалаган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы туруу үчүн коллективдүү иммунитет жаратыш керек экендигин айтып келет. «Коллективдүү иммунитет» бул эмдөөнүн натыйжасында же мурунку инфекциянын натыйжасында калктын иммунитетинин өнүгүшүнөн улам пайда болгон жугуштуу ооруга каршы кыйыр коргоо. Алардын айтымында, оорунун жугуу чынжырын чындап үзүү үчүн, калктын 60-70% иммунитетке ээ болушу керек.

Жыйынтык: Чын. Коллективдүү иммунитет жаратыш үчүн калктын 70-80% вакцина алышы керек.

Видеодогу маалыматта адамдын денесинин 90%ын вирустар, 10%ын адамдын клеткалары түзөрүн айтылат. Ошондой эле вирустардын салмагы 1 кг.дан ашат деп белгиленет.

Бул маалыматты текшерүү үчүн адамдын денесиндеги вирустарды изилдеген илимий изилдөөлөрдү караштырдык. Негизинен бактериялардын көбү адамдын ашказанында жайгашкан. Канада менен Израиль илимпоздорунун айтымында, биздин ичегибиздеги жана денебиздин башка бөлүктөрүндөгү микробдордун саны адам денесиндеги клеткалардын жалпы санынан 10 эсе көп эмес. Бул көрсөткүчтөр дээрлик бири -бирине барабар.

Жыйынтык: Калп. Адамдын денесиндеги клеткалар менен вирустардын саны барабар.

Гульнара Зуфар вирустарга каршы вакцина өндүрүүдө бир нече жыл керек экенин белгилеген. Анын билдирүүсүндө Sputnik-V, Sinopharm вакциналары 1 жылга жетпей чыгарылган.

Бул маалыматты тактоо үчүн аталган вакциналардын расмий сайтындагы маалыматтар менен тааныштык.

Sputnik-V вакцинасы Гамалея борбору тарабынан чыгарылган. Борбордун жетекчисинин орун басары Денис Логуновдун айтымында, Covid-19 пайда болгонго чейин эле Россия үч жыл бою Жакынкы Чыгыштын респиратордук синдрому вирусуна (MERS) каршы вакцина даярдашкан. Алар клиникалык сыноолордун экинчи баскычына жетишкен. Бул коронавирустуцн башка түрүнө каршы вакцина болгон. Ошол эле вакцинаны Covid-19га ылайыкташтырып, иштеп чыгып 2020-жылдын февраль айынан тарта Sputnik-V деген ат менен чыгара башташкан.

Ал эми Sinopharm вакцинасына Кытай расмий түрдө 2020-жылдын 14-апрелинде уруксат берген. Мындан соң ал клиникалык изилдөөлөрүн баштаган. 2021-жылдын 1-июнунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Sinopharm вакцинасын кооптуу жагдайларда колдонууга уруксат берген.

Жыйынтык: Калп. Sputnik-V — 3 жылда чыгарылса, Sinopharm 1 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин гана колдонууга берилген

Гульнара Зуфар коронавируска каршы колдонулган вакциналар сыноодон өтпөгөнүн кошумчалады. Ал тараткан маалымат боюнча, сыноо адамдарын үстүнөн жүрүп жатат.

Вакциналардын расмий сайттарында вакцина тууралуу толук маалымат берилген. Мындан тышкары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтында да вакциналар тууралуу кеңири жазылган. Sputnik-V вакцинанын биринчи жана экинчи этаптагы клиникалык сыноолору 2020- жылдын 1- августунда аяктаган. Каттоодон кийинки клиникалык сыноолор Россияда жана Беларуста 31 миңден ашуун адамды камтып, 2020-жылдын 25-августунда башталган. Sputnik V 3-этаптагы клиникалык сыноолордо жогорку эффективдүүлүктү, жана коопсуздукту көрсөткөн. Sputnik-V вакцинасынын эффективдүүлүгү 97,6%.

Sinopharm вакцинасы клиникалык изилдөөлөрдүн экинчи фазасын 2020-жылдын 24-апрелде баштап 2 миң адам катышып оң жыйынтык көрсөткөн. Вакцинанын эффективдүүлүгү 79%ды түздү

Жыйынтык: Калп. Эки вакцина тең үч фазалуу клиникалык сыноодон өткөн жана алардын эффективдүүлүгү далилденген.

Гульнара Зуфардын видеодо айткан сөзүнө таянсак, ал вакцина жаныбарларда сыноодон өтпөй калганын, сыноого катышкан жаныбарлар тирүү калбаганын белгилейт.

Россиянын Айыл чарбалык көзөмөл кызматынын маалыматы боюнча, Sputnik-V 40 ит жана 40 мышыкка сыноо жүргүзүлгөн. Сыноонун жыйынтыгы оң жыйынтыкты көрсөткөн.

Жыйынтык: Калп. Вакциналар жаныбарлардын үстүнөн клиникалык сыноодон өткөндө гана адамдарда сыналат.

Гульнара Зуфар өзүнүн билдирүүсүндө вакцинанын зыяндуулугу жөнүндө сүйлөйт. Анын айтымында, вакциналар адамдын акыл-эсин төмөндөтүп, тукумсуздукка алып келет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып чыккан. ДССУнун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кит О’Брайен “коронавируска каршы эмдөө тукумсуздукка алып келбейт, бул жөн гана ушак”, — деп билдирген. Вакцина плацентанын өнүгүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү жаратат деген далил жок.

Ал эми акыл-эсти төмөндөтөрү жөнүндө илимий изилдөө жасалган эмес.

Жыйынтык: Калп

Гульнара Зуфар видеодо Sputnik-V вакцинасын өндүрүүдө аборттолгон баланын бөйрөк клетка сызыктары, Sinopharm вакцинасына Африка жашыл маймылынын бөйрөк клетка сызыктары иштетилгенин айтып чыккан.

Sputnik-V вакцинасын өндүрүүчүлөр тараткан маалыматына таянсак, вакцина көбөйүүгө жөндөмсүз адамдын аденовирусунан турат. Бул козгогуч коркунучтуу эмес. Анын ДНКсында SARS-CoV-2 коронавирусунун баш протеининин гени бар. Протеин клеткалардын бетиндеги рецепторлор менен байланышып, вирустун ичине киришине жардам берет. Бул биздин иммунитетибизге жооп берген белок.

Ал эми Sinopharm вакцинасын иштеп чыгууда инактивацияланган (өлтүрүлгөн) коронавирус колдонулган. Бул ыкма вакцинаны иштеп чыгууда эң ишенимдүү ыкмалардын бири болуп эсептелет.

Жыйынтык: Далилденген эмес

Ошондой эле Гульнара Зуфар видеодо карапайым калкка вакцинациядан пайда болгон өлүмдөрдү коронавирустун жаңы штаммдары деп айтышарын белгилейт.

Covid-19дун хронологиясын карап көрсөк, аталган оорунун жаңы штаммы 2020-жылдын декабрь айында Англия жана Шотландияда тез жайылган. Бул убакта вакциналар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан колдонууга уруксат бериле элек болгон.

ДССУ 2021-жылдын 1-январында Phizer вакцинасын колдонууга уруксат берген.

Жыйынтык: Калп. Коронавирустун жаңы штаммы вакцинанын кеспетеинен болуп жатканын далилдеген факт жок. Убакыт боюнча да коронавирустун жаңы штаммы вакцина массалык түрдө колдонууга уруксат берилгенге чейин эле пайда болгон.

Гульнара Зуфар Кыргыз Өкмөтүнүн жапырт вакцина алууга үндөгөн чечимин сынга алат. Анын билдирүүсүндө Өкмөттүн чечими менен бардык иштейм деген адамдар вакцина алууга милдеттүү, вакцинасыз иштөөгө болбойт.

Буга чейин вице -премьер -министр Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү жана эмделбеген мамлекеттик кызматкерлерге айлык төлөбөөнү сунуштаган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова эмдөө ар бир адамдын ден соолугун коронавирустук инфекциядан коргоо үчүн ыктыярдуу кадамы деп белгилеген.

Жыйынтык: Калп. Кыргыз өкмөтү тарабынан жарандарды вакцина алууга милдеттендирген токтом кабыл алынган эмес.

Гульнара Зуфар эмдөөгө каршы экенин айтып, эмдөөнү гендик терапия деп атаган. “Эмдөө клеткаңыздын ДНКсын өзгөртөт. Бул адамдын геномуна түздөн-түз кийлигишүү”, — дейт Гульнара.

Вакциналар жөнүндө жазылган макалаларга таянсак, вакциналар мРНКга негизделген. Ал эми мРНК гендин түзүлүшундө маанилүү роль ойнойт. Вакцинадагы мРНК ДНК клеткалары менен эч кандай байланышта эмес. Вакцинанын молекулалары рибосомалардын вирустун белогунун кичине бир бөлүгүн гана өндүрүшүнө себеп болот. мРНК бир нече саат бою клеткада «жашайт», анын учурунда рибосома вирус протеининин бир нече көчүрмөсүн түзөт, андан кийин вакцинанын ичиндеги мРНК жоголот.

Клетка геному (ДНК) кош кабык менен курчалган клетканын ядросунун ичинде жайгашкан. Ал мРНК сыяктуу чоң молекулалардын ядродон чыгуусуна мүмкүндүк берет, бирок өзүнө чоң молекулалардын кирүүсүнө жол бербейт. Демек, вакцинадан алынган мРНК ядрого такыр кире албайт жана ДНКга «жете албайт».

Жыйынтык: Калп. Вакцинадагы мРНК клеткалары ДНКны буза албайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты