Шаардык сот Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты
- 3 года мурун
Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Шаардык сотто анын бөгөт чарасы каралып, Биринчи Май райондук сотунун 30-сентябрга чейин абакта калтыруу тууралуу чечими күчүндө калтырылды.
Буга чейин Улуттук коопсуздук бонча мамлекеттик комитет депутаттар Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду быйыл 31-майда кармап, тергөө абагына камакка алган. Депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылганын билдирген.
Бүгүн шаардык соттун алдында Жээнбековдун тарапкерлери акция уюштурушту.
Белгилей кетсек, Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
Зулпукаровдун бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто азырынча карала элек.