«Манас» аба майданында кошумча эмдөө пункту ачылды

  • 3 года мурун

«Манас» эл аралык аба майданынын санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө жайы ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Коронавируска каршы вакцина сая турчу жер саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт. Вакцина алчулар сөзсүз түрдө паспорту менен барышы керек, маалыматтар базага киргизилет.

Ошондой эле муниципалитет «Берекет универсал» соода борборундагы эмдөө пункту Ленин районунун Калкты каттоо борборуна көчүрүлгөнүн эскертти. Ал Жаш Гвардия бульвары, №4 дарегинде жайгашкан.

Мэрия шаардыктарга оорудан коргонуунун натыйжалуу жолу эмделүү экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты